​Даректүүлүк

​Даректүүлүк

Кыргызстандын социалдык чөйрөсүнүн бюджети иш жүзүндө кимге багытталган?

Кыргызстандын республикалык бюджети социалдык тармакка багытталган деп айтылып келет. Өкмөт өкүлдөрү социалдык чөйрөнүн чыгымдарды мамлекеттик бюджеттин дээрлик жарымын түзө турганын жана социалдык тармакка каралган чыгымдар жыл сайын жогорулап жатканын баса белгилешет. Мындай болсо, эмне үчүн жакырчылык Кыргызстандагы курч социалдык көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда? Бул суроого жооп бериш үчүн өлкөбүздүн социалдык чөйрөгө бөлүнгөн каражаттын четинен карап көрөлү.

Даректүүлүк

2015-жылы социалдык коргоого каралган чыгымдардын 11% гана даректүү (даректүү социалдык жардамдын мааниси чектелген ресурстарды калктын социалдык жактан аярлуу топторунун муктаждыктарын канааттандырууга буруу) болгон, ал эми калган 89% даректүү эмес социалдык төлөмдөргө сарпталган.  

Даректүү эмес социалдык төлөмдөрү алуучулардын арасында ай сайын эмгек акы, кошумча акы алган, өз бизнесине ээ болгон жана бюджеттен болжол менен 6 000 сом алган Кожобек Рыспаев сыяктуу депутаттар бар. Мындан тышкары өзгөчө пенсия алган ишмерлерибиз, генералдар, убагында Ооганстанда, Баткенде, Аксыда кызмат кылган аскер кызматкерлери, “Апрель баатырлары”, бажы кызматкерлери, сульялар, прокурорлор, өкмөттөн жеңилдик ордуна акчалай компенсация же социалдык төлөм алган жарандар да ушул 89% ичинде. Аталгандардын арасында колунда бар адамдар аз эмес, айрыкча жеңилдик ордуна акчалай компенсацияга бөлүнгөн бюджеттин көбүн ушулар алат.

Маалымат катары, айта кетсек судьянын пенсиясы 5-6 миң сом, ал эми кошумча акысы 20-40 миң сом. Өзгөчө пенсия 60 миң сомдун тегерегинде, Социалдык фонддун маалыматы боюнча Кыргызстанада пенсиянын эң төмөнкү чени 2 миң сом, жогорку чеги 100 миң сом жана 100 миң сомдук пенсияны бир гана адам алат. Кызыктуу нерсе, мыйзам боюнча жаран эки жолу депутат болсо өзгөчө пенсия берилет. Эки жолу депутат болгон атка минерлер бизде аз эмес, мисалы, Өмүрбек Текебаев, Чыныбек Турсунбеков, Ирина Карамушкина, Асылбек Жээнбеков, Наталья Никитенко, Турсунбай Бакир уулу ж.б.

 

11% даректүү социалдык жардам алуучуларга балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпул алган жарандар (расмий тилде ЕПМС) кирет. Балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпул жашоо деңгээли кепилденген эң төмөнкү кирешеден төмөн болгондорго гана берилет. Кепилденген эң төмөнкү кирешени өкмөт белгилейт. Бүгүн кепилденген эң төмөнкү киреше 810 сомду түзөт. Ал эми  балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпул 2015-жылдын июль айынан баштап 705 сомду түзөт. Башкача айтканда, ай сайынкы кирешеси 810 сомдон ашпаган үй-бүлө ар бир баласына 705 сом ала алат. Эгерде, үй-бүлө жакырчылык чегинен төмөн жашап, бирок бир айдагы кирешеси 810 сомдон ашык болсо ал социалдык коргоо түзүмүнөн чыгып калат. Ал гана эмес, ата-эне жаңы кесипке үйрөнүү программасына бара баштаса да ай сайынкы жөлөкпулдан четтетилет. Мындай ата-эне жумушка орношо электе балдарын кантип багат?

Учурдагы жөлөкпулдардын деңгээли (705 сом) жашоо үчүн зарыл болгон каражат минимумуна (5019 сом) ылайык келбейт. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чыгымдары боюнча жүргүзгөн Дүйнөлүк банктын изилдөөсүнө ылайык, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпул төлөө эң эле кедейлерге багытталган эң натыйжалуу жалгыз программа кыскарып келет жана ал эң эле кедей үй-бүлөлөрдүн 20% гана камтыйт.

 

Социалдык жардамга каралган чыгымдардын олуттуу бөлүгү муктаж болгондорго эмес, камсыз үй чарбаларына багытталат. Эгерде биз, социалдык чөйрөгө карлаган бюджеттеги төлөмдөрдү мекемелерге бөлүштүрүп берсек, мисалы,  аскер кызматкер кызматкерлеринин төлөмдөрүн КР коргоо министрлигине, судьялардыкын сот системасына ж.у.с., анда калктын аярлууу тобуна бөлүнгөн каражаттын өтө эле аз экенин көрөбүз. Ал аз келгенсип, 705 сом өлчөмүндөгү жөлөкпул убагында берилбей, кечиктирилген учурлар кездешет. Ач отурган балага 705 сом бөлүнгөн учурда, депутатка 6000 сом бөлүнгөн адилеттүүбү? Акыркы жылдары балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпул алуучулардын саны кыскарып келет: 2012-жылы 343 530 бала, 2013-жылы 336 228 бала, 2014-жылы 310 717 бала, 2015-жылдын 1-октябрына карата 303 000 бала.

Анан 2016-жылга карата республикалык бюджеттин долбоорунда социалдык чөйрөнү каржылоого байланыштуу өнүгүү долбоорлоруна каражат бөлүү кыскартылат дегенде ким жыргайт деп ойлосуз: эптеп жан баккан балдарбы же курсак байлаган эрендерби?

 

Венера Стамалиева,

www.mnenie.kg сайты үчүн    

 

 

 

Пока без комментариев...

Оставить комментарий

Для участия в обсуждение необходимо авторизоваться или зарегистрироваться

Прими участие в опросе! Отправь слово АЛГА на номер 4747 (бесплатно)