Кыргызстандагы социалдык кызматкерлер тууралуу учкай суроо-жооп

Кыргызстандагы социалдык кызматкерлер тууралуу учкай суроо-жооп

www.mnenie.kg сайтынын суроолоруна Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин ДМЧАларга жана улгайган жарандарга көрсөтүлгөн социалдык кызматтарды өнүктүрүү боюнча башкармалыктын башчысы Жаңыл Алыбава жооп берет.

 

  • Азыркы күндө социалдык кызматкерлердин профессионалдуулугун кандай бааласак болот?
  • Социалдык кызматкерлердин мартабасын көтөрүшүбүз керек. Азыркы күндө биз ошонун үстүндө иштеп жатабыз. 2014-жылы биз социалдык кызматкерлердин айлыгынын Базалык маянасын көтөргөнбүз, мурда 3700 сом болсо, бүгүн 6500 сомду түзөт. Айлыктын аздыгына байланыштуу социалдык кызматкерлер өтө аз. Бүгүнкү күндө 945 социалдык кызматкер 8076-дан ашык адамды тейлешет. Бир социалдык кызматкер шаарларда жана шаарчаларда 12-14 адамдан, айылдык калктуу конуштарда 10-12 адамдан жана бийик тоолуу, алыскы райондордо алардын муктаждык даражасын, ошондой эле тейлөөнүн аймактык зонасын эске алуу менен 8-10 адамдан тейлешет.

 

  • Социалдык кызматкерлердин иш-милдетин жөнгө салган документтер иштелип чыкканбы, мисалы социалдык кызматкердин иш-милдети (функциональные обязанности) жөнүндө жобо?
  • Ооба, иштелип чыккан. Мисалы, - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлунундагы № 365 токтому менен Үйүнө барып социалдык тейлөө жөнүндө типтүү жобо бекитилген; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-февралындагы № 157 Социалдык кызматкер жөнүндө жобо бекитилген.

 

  • Ал документтер мезгилге туура келеби, социалдык кызматтын бардык жагдайларын камтыйбы?

- Туура келет.

 

  • Социалдык кызматкерлердин ишин текшерүү, баалоо же мониторинг кандайча жүргүзүлөт?

- Социалдык жактан тейлөө жаатында иштеген адамдардын социалдык кызматтын клиенттеринин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган кесепеттерге алып келген аракеттери (аракетсиздиги) үчүн жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана негиздерде келип чыгат.

 

  • Азыркы учурда, өзгөчө айыл өкмөттөрүнө караштуу, социалдык кызматкерлердин саны күндөн күнгө кыскарып келет деген маалымат туурабы?
  • Шаардык жана райондук социалдык өнүгүү башкармалыктарында эмгектенип келген социалдык кызматкерлер жалгыз бой жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды үйлөрүнөн тейлейт. Ал эми жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары социалдык кызматкерлерди өздөрүнүн штатына киргизүүнү өздөрү чечет.

 

  • Социалдык коргоо боюнча координациялык кеңештин ишмердүүлүгүндө социалдык кызматкерлердин мартабасын жогорулатуу, жумушун натыйжалуу кылуу тармагында иш алып баруу каралганбы?
  • Координациялык кеңеш министрликке караштуу социалдык стационардык мекемелердеги кызматкерлердин ишмердүүлүгүн гана карайт.

Пока без комментариев...

Оставить комментарий

Для участия в обсуждение необходимо авторизоваться или зарегистрироваться

Прими участие в опросе! Отправь слово АЛГА на номер 4747 (бесплатно)