Дебаты

Автор: argen_kgz Реакций: 6 Дата: 25 ноября 2016

Быйыл мектепти бүтүрүү алдында турам. Баарына белгилүү болгондой эле, университет тандоо маселеси эң орчундуу. Жогорку окуу жайга өтүү мүмкүн, бирок бюджеттик негизде же стипендия алуу менен чет өлкөдө окуу баардыгына пайдалуу болсо керек. Белгилүү бир маалыматтарга таянсак, жылына бир канчалаган мамлекеттик бакалавр, магистратура даражасына гранттар келет экен. Өкүнүчтүүсү, ал граннтардын бири менен да тааныш эместер толтура. Маалымат тактыгын текшерүү үчүн өзүмдүн мектебимдеги 40 баладан сурамжылоо жүргүзүп көрдүм. Жыйынтыгында, 5-6 гана окуучу Орусиядан келген гранттар менен тааныш экен. Бирок үстүртөн гана. Бул деген маалыматтын толугу менен жоктугуну билдирмей эмне?! Сөзүмдүн аягында, жалпы суроом бар? Бул жаатты көзөмөлдөгөндөр барбы? Же статистиканы ким көрсөтүп бере алат? Же баардыгы кагаз жүзүндө гана калып, "аткаминерлердин" балдары кетип жатабы деген суроо туулат? Мени туура түшүндүңүздөр деп ойлойм. Балким бул маселе кээ бирлер үчүн көз жаздымда калышы мүмкүн, бирок канчалаган кедей-кембагалдардын "зээндүү", "билимдүү" балдары жогоруда айтылган мүмкүнчүлүктөрдөн кем калып жатпайбы!? Бул көйгөй Билим берүү министрлигин ишиби, айтор, кимдики болсо да, элге чыныгы маалымат жетиши керек. Кандай ойлойсуздар? Чон рахмат.

Для голосования за идею вам необходимо авторизоваться

Не согласны: 16%
Не уверены: 0%
Поддерживают: 84%

Пока без комментариев...

Оставить комментарий

Для участия в обсуждение необходимо авторизоваться или зарегистрироваться